Сооронбай Жээнбеков ШКУнун жыйынына катышты - Т-медиа

Сооронбай Жээнбеков ШКУнун жыйынына катышты

Бүгүн, 10-июнда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин тар чөйрөдөгү андан кийин кеңири курамдагы жыйынына катышты.

Жыйындан соң ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын, байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын жана эл аралык коноктордун сүрөткө түшүү каадасы өттү.

Андан ары мамлекет башчылар ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынына катышты.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Саммиттин катышуучулары менен  учурашып, сөз сүйлөдү жана ШКУдагы төрагалыкты Кыргыз Республикасына өткөрүп берди.

Мамлекет  башчысы Кытай Кыргызстанга Саммитке даярдык көрүүгө көмөктөшөөрүн баса белгилеп, ШКУнун мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кийинки Саммити дагы жемиштүү өтөөрүнө ишенимин билдирди.

Жыйында  чыгып сүйлөгөн  мамлекет башчылары жана премьер-министрлер Кытайды  ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы менен куттуктап, Кыргызстанга  колдоо көрсөтөбүз деп ишендиришти.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо