Лейлек: Чек арадагы жаңжалдан кийин эки улут ооз ачарга чогулду - Т-медиа

Лейлек: Чек арадагы жаңжалдан кийин эки улут ооз ачарга чогулду

Кечээ, 12-июнда Лейлек районунун Максат айылынын тургундары Тажикстандын Согди облусунун Офчу-Калача айылынын тургундары менен биргеликте ооз ачарга чогулушту.

Белгилүү болгондой, мындай демилгени эки эл көтөрүп чыккан. Ифтрага Кулунду айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл аксакалдары жана коңшу тажиктерден да аксакалдар болушуп, жалпы 100гө жакын адам келип катышкан. Коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары орозо айында эки элди чакырып, ооз ачырган Баткен облусунун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, мындай иш-чара чек арадагы кыргыз-тажик айылдарынын элинин ынтымагын бекемдейт деп белгилешти.

Эскерте кетсек, 4-июнда кечке жуук Баткендин Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда чатак чыккан. Кыргыз чек ара кызматы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жаңжал Тажик чек арачыларынын жүрүм-турум эрежелерин сактабагандыгынан келип чыкканын айткан. 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо