Ошто эхинококкоз оорусу күч алууда - Т-медиа

Ошто эхинококкоз оорусу күч алууда

Акыркы жылдары эхинококкоз  оорусунун эпидемиологиялык абалы оорлоп, анын ичинде альвеококкоз оорусу да өсүп жатат. Бул ооруу өздүк гигенаны сактабагандыктан короодогу малдар даарыланбагандыктан адамга жугарын айтат адистер.

Эхинококкоз личинкасы организмде уулу заттарды бөлүп чыгаруу менен ууландырылып, бул органдардын (боор, өпкө ж.б) ткандарын иштешин начарлатып, кызматын аткара албай калууга дуушар кылат. Мындай ооруларга медицина операциялык жол менен гана жардам көрсөтө алат.  Өз учурунда хирургиялык жардам берилбесе, адам өлүмгө учурашы мүмкүн.

Ош облусунда акыркы 3 жылда 3000дөн ашуун адам эхинококкоз оорусу менен операция болсо, анын  5 пайыздан ашууну альвеококкоз ооруусунун айынан болгон. Эхинококкоз менен ооругандардын көпчүлүгүн аялдар түзөт жана көпчүлүк учурда жумушка жарамдуу улан-кыздар оорушкан. Ооруган адамдардын ичинен 20 пайызга жакыны 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Мисалы, Ош облусунда 2010-жылы 118 учуру катталган. Алардын 32,2 пайызын Кара-Суу району, 21,2 пайызын Ноокат районунун тургундары түзөт. Салыштырмалуу анализ кыла турган болсок, мындай илдет менен кайрылгандардын саны 2010-жылга салыштырмалуу 2013 –жылы 2,1 эсеге, 2014-жылы 2 эсеге өскөн. 2016-жылы 2015-жылга салыштырганда 2 пайызга өскөн. Бул оорунун саны көбүнчө Алай, Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунда катталган.

Ооруну козгоочу эхинококкоз тасма сымал мите курт анын узундугу 2,7-6,4 миллиметрге жетет. Бул мите курттун өзгөчөлүгү эки циклде өөрчүйт. Эхинококк өзүнүн өөрчүшүнүн биринчи стадиясында көбөйүүгө жөндөмдүү жыныстык жактан жетилген түзүлүшкө өтөт да, негизинен иттин ички ичегисинде митечилик менен жашайт.

Иттин ичегисинде өсүп жетилип, 70-100 күндөн кийин жумуртка болуп чыгара баштайт. Мите курт иттин ичегисинде 5-6 ай жашайт да, алардын саны бир нече мин даанага жетет. Азыркы убакта жеке эле иттин ичегисинде митечилик кылбастан, 20дан ашуун жырткыч айбанаттардын — карышкыр, түлкү, чөө, сүлөөсүн  жаныбарлардында болот.

Өсүп-өөрчүшүнүн экинчи стадиясы-личинка же ыйлаакча негизинен адамдын органдарында өсүп-өөрчүйт да оруну пайда кылат.

Эхинококкоз оорусу адамга кантип жугат?

Жыныстык жактан өсүп жетилген мите курт иттин, түлкүнүн, карышкырдын ички ичегисинде митечилик менен жашап, өзүнүн жумурткалары иттин жана башка жырткыч айбанаттардын саны менен айлана чөйрөгө тарап, жалпы аймакты булгайт жана көпкө сакталат.

Ошентип, бул оорунун үй-жаныбарларына, адамга жугуусуна толук шарт түзүлөт. Адамга ооруу ушул эхинококк жумурткалары менен булганган мөмө-жемиштерди таза жуубаган учурда, кайнатылбаган сууну ичүүдө,  ит, мал жанында болгондон кийин колду жуубай, жеке гигиенаны сактабаган учурда жумуртка адамдын оозуна, андан ары тамак сиңирүү органдарына кирүү менен башталат.

Ошондой эле адамдар итти сылап-сыйпалаган учурда, карышкырдын терисин сыйрыганда, ийлегенде, адамдын колуна эхинококк жумурткасы  жугуп калат да жеке гигиенаны сактабаган учурда (колду самындап таза жуубаса) бул коркунучтуу митени жугузуп алууга болот. Тактап айтканда, ал организмге булганыч кол, ошондой эле жуулбаган жер-жемиштер аркылуу жугат.

Бул ооруга чалдыккан адамга  кандай клиникалык мүнөздөмө берсе болот?

Мите курт оорулары боюнча Ош облусундагы координатору Курсанбек Раимкуловдун билдирүүсүндө, бул оору биринчи адамга жукканда эч кандай белгилери байкалбайт. Адамдар башка эле оорусу менен ооруканага кайрылып, УЗИге же рентгенге түшкөн учурда далилденип калат. Бирок, мындай учурлар аз. Көбүнчө эки, үч жылдан кийин ал мите курт чоңойуп өтүшүп, ооруу күчөп кеткенде кайрылышат. Бул учурда дарттын биринчи белгилери мите курттун личинкасынын кайсыл органдарга жайгашкандыгына байланыштуу болот.

-Көбүнчө эхинококкоз оорусуна чалдыккан адамдын органдарында  эхинококкоз личинкасы өсүп-өөрчүп, уулуу заттарды бөлүп чыгара баштайт (өпкөсү,  боору, көк боору ж.б.) да ушул учурда организмге терс таасирин  тийгизет, анын натыйжасында органдар чоңоюп кетет. Оорулуу адам акырындык менен алсырап, бат чарчап, тамакка табити тартпай, анда-санда жүрөгү айланып, кусуп, арыктай баштайт да, дарттанган органынын тушу шишик  басып, ооругандыгы сезилет. Ыйлаакчанын  чоңдугу кээ бир учурларда  кичине баланын башындай чоң болуп чоңоюп кетиши мүмкүн. Дарттын биринчи белгилери сезиле баштаганда эле, ошол адам дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл. Анткени дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук тез айыгат.

Эхинококкоз оруусу жеке эле адам үчүн эмес, айыл чарба жаныбарлары үчүн да коркунучтуу илдет. Мисалы, кой, уй, топоз сыяктуу айыл чарба жаныбарларынын продуктуулугун төмөндөтүп, мал чарбачылыгы, айрыкча кой чарбачылыгы өнүккөн өлкөдө эхинококкоз оорусун адамга таратуунун негизги булагы болуп эсептелет.

Мал сойгондо илдетке чалдыккан  боорду же өпкөнү ачык таштап  койгон учурлар кездешет. Бул учурда жеке эле итке жем болбостон жайлоолордо карышкыр, түлкүгө да жем болот дагы эхинококкозду таратууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


Оорунун алдын алуу жолдору

Жекече жана коомдук гигиенаны сактоо, санитардык гигиеналык эрежелерди так аткаруу, оорунун алдын алуунун эң негизги натыйжалуу жолу болуп эсептелинет.

  1. Оорунун негизги себеби — колдун таза жуулбагандыгынан болот. Андыктан баланы кичинесинен тартып тамак ичээр алдында, дааратканадан жана сырттан ойноп келгенден кийин ар дайым колдорун самындап жууганга көндүрүү керек. Ошондой эле жаныбарлар менен ойногондон кийин дагы колун сөзсүз самындап жуу керек. Жашылчаларды жана жер-жемиштерди жээр алдында таза сууга тазалап жуу керек.
  2. Андан сырткары балдардын жолбун иттер менен ойноосуна тыюу салуу жана жолбун иттерди жок кылуу. Үй иттерин тала чычкандарынын эти менен тамактандырбоо.
  3. Үйдө баккан иттерди жылына 4 жолу дегельминтизациядан өткөрүү керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 2018-жылга эхинококкоз оорусун алдын алууда ИФА жабдуусу боюнча анализ жүргүзүүнү баштады. Анда 2018-жылга өздүк бюджетинен эхинококкозду аныктай турган тест системасын сатып алышкан. Ар бир тест-система топтому 100 адамга жетет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо