Оштун мэри: "Адам баласы өмүрүнүн акырына чейин “Эне” деген сөздү ооздон түшүрбөйт." - Т-медиа

Оштун мэри: «Адам баласы өмүрүнүн акырына чейин “Эне” деген сөздү ооздон түшүрбөйт.»

Бүгүн, 13-июнь күнү Ош шаарындагы көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдары менен сыйланышты. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев алгач эненин атын сыймыктануу менен атап, баркына жетүү ар бир инсандын милдети экендигин айтып куттуктады.

“Энелер — нарк-насилдүү, оор басырыктуу, айкөл адамдар. Дени сак улут эне аркылуу калыптанат. Саламаттык, бейпилдик, токтоолук энелер аркылуу келет. Адам баласы төрөлгөндөн тарта өмүрүнүн акырына чейин “Эне” деген сөздү ооздон түшүрбөйт. Кубансак кубанычыбызга, кайгырсак кайгыга ортоктош, бассак –турсак өз мээримине бөлөгөн энелер ар дайым бар болушсун”, — деди А.Кадырбаев.

Андан соң, КРнын Президентинин Жарлыгы менен көп балалуу энелерге орден, медалдар тапшырылып, Ош шаарынын мэриясы тарабынан баалуу белектер берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада 14 энеге “Баатыр эне” ордени жана 15 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Жалпысынан Ош шаарында 700гө жакын баатыр эне , 300дөн ашуун “Эне даңкы” медалын алган эне бар.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо