Өлкөдө кан донорлорунун саны жетишсиз - Т-медиа

Өлкөдө кан донорлорунун саны жетишсиз

14-июнь — бүткүл дүйнөлүк Кан донорлорунун күнү. Ыктыярдуу түрдө кан тапшыруучуларды колдоо максатында 2005-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы жана бардык өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери биргеликте бул күндү бир добуштан Кан донорлорунун күнү катары кабыл алышкан. Кыргызстанда да 13 жыл аралыгында бир топ иштер аткарылып келет.

Айнагүл Орокбаева 4-курстун студенти. Ал төрт жылдан бери ыктыярдуу түрдө кан тапшырып келет. Айтымында, эгер ар бир эле адамда мүмкүнчүлүк болсо, муктаждарга кан берүү негизи жакшы жөрөлгө.

АЙНАГҮЛ ОРОКБАЕВА. ыктыярчы

— Муктаж адамдарга жардам бергендин сообун жана ушундай мүмкүнчүлүгүм бар экенине ыраазы болуп, ошондуктан тапшырып келем. Калгандарын деле ушундай мүмкүнчүлүктөрү болсо донор болгонго чакырат элем. Эң жакшысы донор болсо өзүнө да, өзүнүн организмине да пайдалуу болот экен. Анан экинчи жагы коомго да кандайдыр бир салым кошот экен.

Донорлор 450 граммга чейин кан тапшыра алышат. Биринчи жолу тапшыргандан кийин экинчисин эки ай убакыт өткөн соң гана мүмкүн. Кыз балдар жылына 4 жолу, ал эми эркек балдар жылына 5 жолу тапшырса болот.

МЕЛИСБЕК ОРМОНОВ. Ош облустук кан борборунун кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы

-Анан алганда бизде үч жүздүк доза бар, 400дүк, 450 граммдык дозалар бар. Бизге келген донорлорду салмагына карап, басымына карап, анализдерине карап донорлукка өткөрөбүз. Донорлукка өтпөй калгандары да көп. Бир оорусу чыгып калат, басымы себеп болуп калат. Кичинесинде сарык болуп ооруп калгандар, дагы бир жугуштуу оорулар менен ооруган болсо дагы донор боло алышпайт. Анан бизден алынган кандар көбүнчө бейтаптарга жумшалат.

Адистердин айтымында көбүнчө эл арасында кан донору болуу тууралуу маалымат жетишсиз. Ошондуктан коркуу же күмөн саноо сезими пайда болгон. Анын ден соолукка пайдалуу да жактарын айтып, бүгүнкү күндөгү заманбап жабдыктардын жардамында ооруну жугузуп алуу сыяктуу кооптонуулардан оолак болууга кепилдик бар экенин белгилешет.

АНАРКАН АМАНБАЕВА. Ош облустук “Кызыл ай” коомунун “Ыктыярдуу донорлорду көбөйтүү” программасынын координатору

— Эл арасында маалымат беребиз. Кан донорлору жөнүндө. Анын зыяны жоктугу, кайра пайдасы жөнүндө. Эл арасында ушул иш жүргүзөбүз. Кан донору болгон керек. Себеби ар бир үчүнчү адам кан компоненттерине муктаж деген иштерди жүргүзөбүз. Көбүнчө эл арасында маалымат жок. Көбү кан донору болуудан коркушат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандартына ылайык 1000 адамга 40 адам донор болушу керек болсо, Кыргызстанда бул көрөткүч 6-7 адамга туура келет. Бул дегени жетиштүү сандан алты эсеге аз. Эгер бейтап канга муктаж болсо негизинен жакындары кан тапшырып өмүрүн сактап калат.

ОСМОНАЛИ ШАМШИДОВ. Ош облустук кан борборунун жетекчиси

— Оорулуулардын жакындары келип тапшырат. Андан сырткары ыктыярчылар да бар. Алар өзүнүн мөөнөтү менен келип тапшырып турушат. Анан бизде сейрек кездешүүчү группалар бар: резус отрицательный группа менен 4-группа деген бар. Булар сейрек кездешүүчү деп эсептелинет. Себеби бу жалпы элдин 5 эле пайызы. Отрицательный дегенибиз 15 пайыз. Ошолорду биз керектүү учурда чакырып, азайып кетип жатса кандарын алып, анализин текшерип, жанагы түгөнгүс запасыбызга кошуп турабыз.

Жалпысынан өлкөдө калктын саны 6 миллион болсо, кан донорлорунун саны болгону 40 миңге жетет. Ал эми стандарт боюнча өлкөдө жалпы 240 миң донор болушу зарыл. Кыргызстанда акыркы жылдары алардын саны азайып жатканы байкалат.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо