Ошто ала качууга каршы жөө жүрүш өттү - Т-медиа

Ошто ала качууга каршы жөө жүрүш өттү

Ош шаарындагы жарандык активисттер, коомдук уюмдун өкүлдөрү ала качуу жана кыз-келиндерге болгон зордук-зомбулукка  каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Иш-чара ала качууга кабылып каза болгон Бурулайдын трагедиялуу өлүмүнө багытталган.

Катышуучулардын бири Салтанат Борнобаеванын билдирүүсүндө, бул жөө жүрүш аркылуу кыз-келиндерге жасалган зордук-зомбулукка элдин көңүлүн бурдуруу, ала качуу — бул салт эмес, кылмыш экендигин айтып, толеранттуу болууга чакыруу болду.

Ала качуу көбүнчө айыл жерлеринде катталат. Статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдө 30 пайыз нике ала качуу аркылуу болот. Иш-чараны Оштогу “Новый ритм” коомдук бирикмеси уюштурган. Ага 20дай жаш активисттер катышты.

Өлкөдө никеге турууга  мажбурлап кыз ала качкандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүү 2013-жылы киргизилген.

Эске салсак, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Окуядан кийин Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо