Колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдары ЖРТдан аз упай алышабы? - Т-медиа

Колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдары ЖРТдан аз упай алышабы?

Кыргызстанда жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарды жалпы республикалык тесттен төмөн упай алышат. Мындай маалымат өлкөдөгү тест борборунун жарыялаган маалыматтын негизиндеги статистикалык изилдөөлөр көрсөтүүдө. Анткени колунда бар үй-бүлөлөрдө балдарын кошумча билим алуусуна кеңири шарт түзүшөт.

Бегимай Юсупбекова жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Ош облусунда эң көп, 223 упай алып, “Алтын сертификаттын” ээси болду. Анын мындай ийгиликке жетишине анын ата-энеси жакындан колдоо көрсөтүп, материалдык жактан толук камсыздап турушкан.

— Сентябрь айынан баштап мен окуп баштадым.Ошондон баштап, май айына чейин абдан аракет кылып даярдандык. Курста айына 3000 сомдон төлөп окуган болчубуз. Ошол курстарда окуу үчүн биринчи мага ата-энем шарт түзүп берген. Себеби керек болсо мени айылга ишке да чакырышкан жок. Өздөрү мага акчасын берип, өздөрү колдоо көрсөтүп, кызым окуу сен деп мени колдоп турушту.

 

 

 

 

Статистикалык маалыматтарга караганда, аз камсыздалган  үй-бүлөлөр балдарынын билимине 30 эсе аз каражат жумшайт. Колунда бар ата-энелер турдүү ийримдерге берип, чүрполөрун ар тараптуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

-Үй-бүлөнүн социалдык абалы илгертеден бери эле таасир берип келген. Биз бир нече мисалдар менен четке кагышыбыз мүмкүн, бирок андай балдар чанда гана кездешет. Жалпы пайызджык көрсөткүчү менен алганыбызда социалдык абалы дегенде айылга окшогон жерлерде ЖРТга даярдаганы шарты жок болсо, мунусу жок болсо, анысы жок болсо, шаарга алып келип окутууга мүмкүнчүлүгү жок болсо ал сөзсүз таасирин тийгизет.

 

 

 

 

 

Анткен менен айыл жериндеги, тоолуу аймактардагы бүтүрүүчүлөрдүн бир катар артыкчылыктары бар. Алардын сертификаттары түсү менен айырмалант. Окуу жайга ошол озгөчөлүк менен тапшырат. Билим берүү тармагындагы адистердин баамында  көрсөткүчтөрдү  жогорулатууга болот. Болгону балдардын билимине инвестиция  кылуу керек деген түшүнүктүү  элге жеткирүү керек деп билдирет ОшМУнун проректору Расул Авазбек уулу.

-Ата-энелери каржылык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, балдары татыктуу билим алып анан жогорку окуу жайларга өтпөй калуу мүмкүнбү деп. Туура, өтпөй калышы мүмкүн. Анткени азыр жогорку окуу жайларга даярданыш үчүн дагы мектеп менен параллелдүү түрдө эле түрдүү окуу курстары өздөрүнүн тейлөө кызматтарын сунуш кылып жатышат. Ал жакка барыш үчүн дагы акча сөзсүз түрдө төлөнүшү керек. Ошондо жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары буга катыша албай калышса, даярдануу мүмкүнчүлүгү азыраак болот.

 

 

Өлкө боюнча 59 бүтүрүүчү эң жогорку упай менен алтын сертификат алды. Анын ичинен 43ү алтын байге алган Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү аймактардан алда канча озуп чыгышты.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо