Өз үйүн балдар бакчасына айланткан жаш ишкер - Т-медиа

Өз үйүн балдар бакчасына айланткан жаш ишкер

25 жаштагы Мырзабек өзү жашаган үйдү бакча кылып кайрадан оңдоду. Алгач бакча ачууда ата-энеси жана айылдаштары менен кеңешип, алардын жардамы менен тиешелүү шарттар түзүлдү.

Мырзабек Сайдулла уулу. Жаш ишкер

-Биздин айылда союз маалынан бери балдар бакчасы болгон эмес. Ошондуктан үй-бүлөбүз, ата-энем чогуу сүйлөшүп айылга бир бакча ачалы деп өзүбүз жашаган үйдү балдар бакчасы кылып ачтык. Апам ар бир үйдү каккылап, “кандай жардам бере аласыздар” деп жүрдү. Ошо менен ата-энелер абдан жакшы жардам берди.

Учурда бала бакчанын иши иши жөнгө коюлган. Анда 15 адам эмгектенип, тарбиячылары, дарыгери жана мугалимдери бар. Азыр чакан бала бакчага жергиликтүү бийлик да жардам бере баштады. Жаш жаратмандын айтымында Жылалды айыл өкмөтү коммуналдык төлөмдөрүн жана кышында көмүр алууга көмөктөшөт.

Мырзабек Сайдулла уулу. Жаш ишкер

-Чоң үйдө бизде негизи эки тайпа бар. Чоң тайпадагы балдар жана кичине тайпалар жатаканасы, баары ушул жакта. Анан бакчаны көбүнчө аялдар жетектейт. Ошондуктан апам мугалим болгондуктан өзү жетекчи. Жумуштун баарын апама өткөрүп бергенбиз. Анан майда иштерин отун, сууларын өзүм камдап берем.

Бакчадан шаардагыдай көгүлтүр от же жылуу суу азырынча жок. Бирок балдардын тамак ашы жана үй ичиндеги шарттары жетишээрлик түзүлүп берилген. Бир кездерде Мырзабек өзү ойноп чоңойгон үйдүн бөлмөлөрүндө эми жалпы айылдын балдары чоңоюуда.

Мырзабек Сайдулла уулу. Жаш ишкер

-Эрте менен жети жарымдан баштап балдар кабыл алынып баштайт. Кечке жуук бештен алтыга чейин үйгө кайтабыз. Алтыда балдар үйүнө кайтышат. Балдардын кийим илүүчү жайы, орто тайпанын ойноочу залы, орто тайпанын бурчу бар. Балдардын тизмеси жана жадыбалы бир жумага түзүлөт. Жадыбал боюнча гана балдарга сабак өтүлөт.

Айылда буга чейин бала бакча жок болгондуктан, айыл шартында бакча ачуу чоң тобокелчиликти талап кылган. Үйдү бакча кылуу өзүнчө түйшүк болсо, документ иштери да жарым жылдай убакытты алган.

Бала бакча ачуудагы Билим берүү министрлиги тарабынан талап кылынган стандарттар.

Бала бакчанын имараты болуусу, үй шартында да бала бакча ачууга болот.

Эгер бала бакчанын имараты ижарада болсо 3 жылдан кем эмес келишими болуусу кажет.

Бала бакчанын уставы бекитилиши керек.

Бала бакчада иштеген кызматкерлердин саны жана билими адистиги боюнча документтер

жеке менчик бала бакча ачуучу адамдын материалдык базасы көрсөтүлүшү керек.

Билим берүү министрлигине арыз жолдонулушу керек

1000 сом өлчөмүндөгү төлөм

Бала бакчадагы окуу пландары мамлекеттик стандарттарга туура келиши керек..

Лицензиялык комиссияга документтер тапшырылат. Комиссиянын кароосунан кийин корутунду чыгарат. Ошонун негизинде лицензия берилет.

Андан соң атайын каттоого туруп ишин баштайт.

Өткөн жылдагы малымат боюнча Красный-Маяк айылында 600 кожолук жашайт.Бирок анын ичинен 60 гана үй-бүлөнүн баласы бала бакчага барууда. Бул кыштакта буга чейин союз учурунда бала бакча болгон. Андан бери бакча ачууга эч ким деле кызыктар болгон эмес.

Анипа Түркменова балдарын бала бакчага бере албай калды. Анткени бакчада орундар чектелүү болгондуктан, неберелерин үйүндө тарбиялоодо. Көчө жаңырткан балдарды чоң энеси күн алыс китеп менен тааныштырып окутуп турат.

Анипа Түркменова. Красный-Маяк айылынын тургуну

-Үйдө эле карап жатабыз.  Жазганды тамгаларды үйрөтөбүз, себеби балдар бакча кичине азырынча, стандарттуу чоңу жок бизде. Ошондой балдар бакчасы болсо аябай жакшы болмок. Учурдагы балдар бакчасында орун да болбой калат. Ошон үчүн алыбыздын жетишинче үйдө окутуп жатабыз. Азыр чындыгында көчөбүздөн 2-3 эле бала барат. Калгандары үйүндө эле жүрүшөт.

Педагогдордун белгилөөсүндө жаш балага калыптануучу куракта берилген билим жугумдуу болот. Жаш наристенин кабылдоосу жакшы болуп, баштапкы билим берүү этабынан ар бир наристе өтүшү керек.

Машрап Абдуллаева. Педагог

-Бала бакчадан келген бала менен үйүнөн келген баланын айырмасы абдан чоң. Себеби бала бакчага барган бала эшикке чыгуу, үйгө кирүү, уруксат суроону бакчада үйрөнүп, бизге даяр болуп барат. Ошон үчүн ата-энелер балдарын бакчага берсе, анан бул жаш муундардын келечекте өнүгүүсүнө абдан чоң таасири бар. Өзү илимде айтылат: баланы 2 жашынан бала бакчага берүү керек. Бала ошондо жамаат менен болууну да үйрөнөт.

Калыптануу куракта кичинекей наристе кандай билим алышы керек?

2-3-4 жаштагы кенже тайпа  айлана чөйрө менен тааныштыруу, сөз сүйлөөсүн өнүктүрүү, үйрөтүлөт. Бул куракта жаш балдарга оюн аркылуу үйрөтүү ыкмасы менен сабактар өтүлөт.

4-5 жаштагы орто тайпа  сабатуулугун арттыруу, тамга таанытуу, эсептөө үйрөтүлөт. Бул куракта балага кадимкидей сабак өтүлө баштайт. Бирок 15-20 мүнөттүк гана сабактар окутулат.

5-6-7 жаштагы жогорку жана даярдоо тайпасында  тамга үйрөтүү, тамганы кошуп окуу, эсептөө, кошуу жана кемитүү өңдүү сабактар өтүлөт. Буга кошумча коомчулукта өзүн  алып жүрүү, жол эрежелери жана айлана чөйрөгө болгон мамиле да үйрөтүлөт.

Музыка дене тарбия жана сүрөт сабактары жаш курагына карап бала бакчага барган бардык тайпаларда өткөрүлөт.

Сейилкан Манапова бала бакчага ар күнү 3 чакырым алыстыктан келет. Чаңгет айылынын тургуну коңшусу экөө бирден гана балдарын бакчага араң киргизишкен. Жолдун алыстыгына кайыл болгон эне аптаптуу ысыкта да, ызгардуу суукта да кызын ар күнү бакчага алып келет.

Сейилкан Манапова. Чаңгет айылынын тургуну

— 3 чакырым алыстан келебиз. Кошунамын кызы да келет. Ал эрте менен алып келсе биз кечинде алып кетебиз. Кар жааган учурларда кыйналып калабыз. Бала бакчага кечигип калган учурлар болот.

Коңшу айылдагы балдар бакчасы тар болгондуктан үйдө алып отурам. Азыр кызым 3 жашка чыкты. Балдар бакчасына барышы керек эле. Эми чоң кызым чыкса ошонун ордуна барайын деп жатам. Бирок балдар бакчага кезекте тургандар абдан көп.

Үй шартындагы бала абкчага 60 үй-бүлө бирден гана баласын бере алат. Мындай жобо бакчанын ата-энелер менен болгон чечиминин негизинде  иштелип чыккан.Бала бакча ээси мындай маселелер иштип баштапкы мезгилиндеги кыйынчылык катары көрөт.

Мырзабек Сайдулла уулу. Жаш ишкер

-Өзүбүз жашаган үй болгондуктан аябай эле кыйын болду. Бакчабыз бир аз тар негизи. Негизи чоң болушу керек. Ар бир ишти баштаарда  кыйынчылыктар болот, ошону биргеликте жеңип өттүк.

Жаш ишкер быйылкы жылы бала бакчасын кеңейтүүнү максат кылууда. Максаты — ишке ашып калса, бакчага келгендердин саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо