Ош мэрлигине талапкерлер каттала элек - Т-медиа

Ош мэрлигине талапкерлер каттала элек

Азырынча Ош шаарынын мэрлигине талапкерлер расмий көрсөтүлө элек. Мындай маалыматты «Т-Медиа»га БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Айтымында, талапкерлер шайлоо күнү белгиленгенден кийин гана каттала алат. Анда да калаа башчылыкка аттангандар талапкерлигин өздөрү көрсөтө алышпайт.

«Мыйзамга ылайык, мэрликке талапкерлерди премьер-министр, шаардык кеңештеги фракциялар,көпчүлүк жана азчылык коалиция көрсөтүүгө укуктуу. Баары бирден талапкер чыгара алышат. Токтолгон талапкерлерин шайлоого 5 күн калганга чейин БШКга сунуштоолору кажет»,-деп билдирет Расул Кадыров.  

Кадыров кошумчалагандай, мэр шайлоо 10 күн ичинде белгиленет. Шайлоо датасы аныкталган соң 20 күндө Ош шаарынын башчысы шайланат.

Азыр коомчулукта Ош мэрлигине 6 талапкер ат салышат деген сөз тароодо. Алдын ала божомолдонгон тизмекте Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев,  Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлатбек Алимбеков жана Материалдык резерв фондунун  мурунку төрагасы Гуламжан Анарбаевдердин аты аталууда.

Эскерте кетсек, Айтмамат Кадырбаев Ош мэрлигин кечээ, 3-июлда тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо