Оштун мэри 20 күндө шайланат - Т-медиа

Оштун мэри 20 күндө шайланат

Ош шаарынын мэрин шайлоо 10 күн ичинде белгиленет. Бул тууралуу «T-Медиа»га  борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү Расул Кадыров билдирди. Ал белгилегендей, БШК шайлоону мыйзам көрсөткөн мөөнөттөн кечиктирбей бекитип берет.

«Шайлоо жөнүндөгү жобого ылайык, бош орун болору менен жаңы мэр 20 күн ичинде шайланыш керек.  Шайлоо мөөнөтүн Боршайком дайындап, калаа башчыны Ош шаардык Кеңеши  шайлайт»,-деди Кадыров.

Азыркы тапта Ош мэрлигине талапкерлер расмий көрсөтүлө элек. Коомчулукта экинчи борбор башчылыгына 6 талапкер ат салышат деген сөз тарап жатат. Алдын ала божомолдонгон тизмекте Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев,  Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлатбек Алимбеков жана Материалдык резерв фондунун  мурунку төрагасы Гуламжан Анарбаевдердин аты аталууда.

Жогорудагы аты аталган талапкерлерди «Т-Медиа» добушка койгон. Сурамжылоого катышып, добуш берсеңиз болот.

Эскерте кетсек, Айтмамат Кадырбаев Ош мэрлигин кечээ, 3-июлда тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо