Лейлек: Май бекеттеги жарылуу эмнеден чыкты? Кырсыктын чоо-жайы - Т-медиа

Лейлек: Май бекеттеги жарылуу эмнеден чыкты? Кырсыктын чоо-жайы

Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Баткендин Лейлегиндеги май куюучу бекеттеги жарылууга өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. Ал маалымдагандай, өрт күн катуу ысыганда пайда болгон учкундун кесепетинен келип чыгышы мүмкүн. Азырынча кырсыктын себептери так аныктала элек. Иликтөө иштери уланып жатат.

Жергиликтүүлөр болсо, өрттүн келип чыгышын башкача болжолдоодо. Күбөлөр «Т-Медиага» билдиргендей, айдоочу газ куюп болгондо бекитүүчү буроону (винтиль) балка менен урганда учкун чыгып кеткен. Андан өрт тутанган.  Социалдык тармактарда Замир Кожокматович деп катталган фейсбук колдоонучунун жарыялаган тасмасында  жарылууну төмөндөгүдөй сыпаттаган.

Кыргызстан-Тажикстан чегинде жайгашкан май бекеттеги жарылуу алгач Жаңы-Жер айыл аймагында катталды деп айтылган эле. Такталган маалыматтар боюнча кырсык болгон май бекети Бешкент айыл өкмөтүнө карайт. Кырсык катталган аймакта май куюучу бекеттер тыгыз жайгашкан.

Май бекеттеги жарылуу кечээ, 4-июлда саат 20.30дар чамасында катталган. Катуу жарылуудан экинчи май бекети да жабыркады. Учурда келтирилген зыяндын көлөмү такталып жатат. 4 жүк ташуучу унаа, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 жүргүнчү ташуучу микроавтобус жана 1 жеңил машине өрттөнгөн. Жарылуудан май бекеттин айланасындагы бак-дарактар куурап калган жана интернет чубалгылары да күйүп кеткен. Ошондой эле, жарылган цистернанын бөлүкчөлөрү 200 метр аралыкта жайгашкан айрым соода түйүндөрүнө да зыян келтирген.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Азыр төртөө үйлөрүнө чыгарылып, бирөө ооруканада дарыланууда.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо