Ошто да кооптуу май куюучу бекеттери бар (видео) - Т-медиа

Ошто да кооптуу май куюучу бекеттери бар (видео)

Лейлектеги жарылуу башка газ жана май куюучу бекеттердин  абалын эске салды. “Т-Медиа” Оштогу кооптуу делген күйүүчү май сактаган бекеттерди сурап көрдү.

Мамлекеттик экологиялык техникалык  инспекциясынын Ош шаары боюнча регионалдык башкармалыгынын адиси Абдыманап Бекишов билдиргендей, калаа аймагында  44 май куюучу бекет, 2 газ куюучу кампа бар.   Жыл башынан бери   15 и текшерилип,  экөө талапка жооп бербейт деп аныкталган. Калган 29у план боюнча  алдыда текшерилет.

Норма сактабаган бекеттин бири Кулатов кичи районунда жайгашкан. Жанынан жогорку чыңалуудагы  электр  чубалгылары өтүп, өрт чыгуу коркунучу жогору. Жарылуу ыктымалы бар болгону үчүн  экотехинспекция эскертүү берген.

Экинчи кооптуу май бекет Манас-Ата аймактык кеңешинде жайгашып, аралык нормасы бузулган. Ал ОшМУнун тарых-юридикалык факультетине  жанаша туруп, ортодогу аралык 50 метрге жетпейт.

Эреже боюнча шаар ичинде бир да май бекеттер курулбашы керек.   Адистер төмөндөгү видеодо жооп беришкен.

Газ бекеттер талапка жооп береби?

Аралыкты сактоо эрежеси газ бекеттерине да тиешелүү.  Анда турак-жай же мекемеден  300 метр алыс жайгашуусу керек деп көрсөтүлгөн. Азырынча Оштогу газ бекеттеринде бул талапты бузгандар каттала элек.

Ош шаарында эки газ куюучу станция бар. Анын бири талапка толук жооп берсе,  экинчиси  Нурматов көчөсүндө уруксатсыз курулуп калган.   Ээсине коюлган талапты аткарбаса, ишмердүүлүгү токтотулат деп эскертилген.

Эске салсак, 4-июлда Лейлектеги май  бекет жарылып, 4 жүк ташуучу унаа, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 жүргүнчү ташуучу микроавтобус жана 1 жеңил машине өрттөнгөн. Жарылуудан май бекеттин айланасындагы бак-дарактар куурап калган жана интернет чубалгылары да күйүп кеткен. Ошондой эле, жарылган цистернанын бөлүкчөлөрү 200 метр аралыкта жайгашкан айрым соода түйүндөрүнө да зыян келтирген.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо