Алайлыктар таш кенин иштетүүгө каршы - Т-медиа

Алайлыктар таш кенин иштетүүгө каршы

Алайдын Таш-Коро айылындагы мармар таш кени жакында өндүрүлө баштайт. Чалгындоого лицензия алган ишкерлер жергиликтүүлөргө ишкердик ушул айда  башталаарын кабарлоодо. Айыл тургундары болсо кендин иштешине макул эмес. Каршы экендигин бүгүн 6-июль күнү маалымат жыйында билдирип чыгышты.

Маалымат жыйынга чогулгандардын билдиришинче, эгер кен казыла баштаса айыл көчкү коркунучунда калат. Мармар ташы Таш-Коро айылынын үстүндө жайгашып, 220 кожолуктун баарын жер басып калышы ыктымал. Анткени ортодогу аралык  1 жарым чакырым гана.

Алар кошумчалагандай, кен иштетүүгө элдин макулдугу суралган эмес. Үч жыл мурун кен турган жер Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу деп лицензия берилип калган. Негизи кендин жайгашкан аймагы Алайдын Таш-Коро айылына карайт. Катта-Талдыкка тиешелүү жер деп ишкерлер лицензияны жасалма документтер менен алышкан.

Айылдыктардын пикиринде, кен өндүрүүгө белсенген ишкерлер кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн бийлик өкүлдөрүнө жалаа жаап жатат.Буга чейин ишкер Калыйнур Жолонов   өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев “үлүш” талап кылганын билдирген эле. Облус башчысы ал дооматты четке каккан болчу.

 

Деген менен Калыйнур Жолонов жогоруда айтылгандарды “Т-Медиага” төгүндөдү. Айтымында, кен Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө карай турганын «Кыргызгипрозем» мекемеси тастыктаган.

“Лицензия алууда эч кандай мыйзам бузулган эмес. Баардык документтерди далил катары көрсөтө алам. Айыл тургундарына да коркутуу-үркүтүү болгон эмес. Бул сөздү кайдан алып айтып жатышканын түшүнбөйм”,-деди Калыйнур Жолонов.

Калыйнур Жолоновдун кошумчалашынча, Таалайбек Сарыбашев бизнестен “үлүш” сураганын Ош облустук администрациясынан чыккан каттар менен тастыктайт.

Ушул тапта жергиликтүүлөр лицензия мыйзамсыз берилген деген негизде райондор аралык сотко кайрылган. Азырынча соттук териштирүү баштала элек.

Алай менен Кара-Суу райондоруна чектеш жайгашкан мармар таш кенин чалгындоого лицензия 2015-жылы берилген. Түзүлгөн келишим боюнча мармар ташты 10 чакты ишкер өндүрөт.

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо