Ош: фракциялар кимди мэрликке чыгарышат? (видео) - Т-медиа

Ош: фракциялар кимди мэрликке чыгарышат? (видео)

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июль күнгө белгиленди. Байкоочулар бул жолку шайлоо да  чоң саясий оюндар менен башталып жатканын билдиришүүдө. Мыйзам боюнча шаар башчыны шаардык Кеңештеги 6 фракция шайлайт. Талапкерлерди 3 тарап сунуштоого укугу бар. Алар премьер-министр, шаардык Кеңештеги фракциялар жана көпчүлүк коалиция. Учурда премьер-министр менен көпчүлүк коалиция Ош мэрлигине өкмөттүн Ош обулусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевди сунуштаганы айтылууда.

 

“Т-Медиа” Оштун шаардык Кеңешиндеги 6 фракция лидерлерине кайрылып, шаар башчылыкка талапкер чыгаруусун сурап көрдү.

КСДП фракциясы ойлонуп жатат

КСДП фракциясынын Ош шаардык Кеңешинде 16 депутаты бар. Фракция лидери Тажимамат Эркебаев депутаттар менен талапкер чыгаруу тууралуу сүйлөшүү жакында болоорун айтты.

 

“КЫРГЫЗСТАН” фракциясы талапкер чыгарат

Ош шаардык Кеңешиндеги “Кыргызстан” фракциясы оппозициялык азчылыкта жана алардын 9 мандаты бар. Фракциянын жетекчиси Эльмира Омуралиеванын айтымында, алардын депутаты Мирлан Аматбековдун талапкерлиги сунушталат. М.Аматбеков жаңы депутат болгонуна карабай, мэриянын ишин сындап, сунуш берип келген активдүү депутаттардын бири.

 

“Мекеним Кыргызстан” талапкер чыгарбайт

“Мекеним Кыргызстан” фракциясынын Ош шаардык Кеңешинде 9 депутаты бар. Лидери Ашим Осмоновдун айтымында, алардын партиядан талапкер чыкпайт. Анткени партия жаңы түзүлгөн, муниципалдык кызматтарда иштеп такшалган кадрлар жок. Ошондуктан көпчүлүк коалициядагы “Мекеним Кыргызстан” фракциясы башка талапкерлерди колдоосу мүмкүн.

 

“Бир бол” фракциясы партия жетекчилери менен кеңешет

“Бир бол” фракциясы көпчүлүк коалициянын курамында жана 6 депутаты бар.  Лидери Эсенбек Арзиев партияда мэр болууга татыктуу кадрлар бар экенин айтат. Шайлоо күнгө чейин шаардык Кеңештин депутаттары борбордогу партия жетекчилери менен сүйлөшүп, талапкер чыгарууну кеңешет.

 

“Республика-Ата-Журт” фракциясы да ойлонууда

“Республика-Ата-Журт” фракциясында 5 мандат бар. Оппозициялык азчылыктын өкүлү. Бюджет комитети бул фракцияга тийген. Фракция лидери Акбарали Таштанов да ич ара депутаттар менен сүйлөшүү жүрүп, талапкер чыгарууну ойлонуп жатканын билдирди.

 

“Өнүгүү-Прогресс”   талапкери чыгарары белгисиз

Шаардык Кеңештеги эң аз мандаты бар фракциянын 4 депутаты бар. Лидери Абдисаит Каримбеков мэрдин орду күтүүсуз бошогондуктан, депутаттар ойлонуп жатышканын айтат. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы 2016-жылда мэр А.Кадырбаевге атааңдаш катары Алишер Мойдунов аттуу талапкерди чыгарган.

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо