Өрттөн абайла! Күн катуу ысыйт - Т-медиа

Өрттөн абайла! Күн катуу ысыйт

Кыргызстанда эртеңден 9-июлга чейин күн катуу ысыйт. Айрым аймактарда абанын температурасы 40 градуска чейин жогорулайт.

ӨКМнин маалыматына ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20º болот.

Кургак жана ченемден тышкаркы ысык аба ырайынан адистер сак болууга чакырат. Ысык өткөрүп алуудан сактаныш үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөгөн оң.

Андан сырткары кургак чөптөрдү оруп-жыйноону мамэкотех инспекциянын өкүлдөрү эскертет. Азыр өрттү алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Анамалдуу ысыкта өрттөн кантип сактаныш керек? «Т-Медиа» адис кеңешин сунуштайт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо