Орусияда мигранттарды каттоо кыйындады. Кыргызстандыктарга таасири (Инфографика) - Т-медиа

Орусияда мигранттарды каттоо кыйындады. Кыргызстандыктарга таасири (Инфографика)

Орусияда мигранттарды каттоого алуу боюнча өзгөртүлгөн мыйзам 8-июлда күчүнө кирди. Документке 27-июнда өлкө президенти Владимир Путин кол койгон. Ага ылайык, мигранттар мурдагыдай ишканасынын юридикалык дарегине эмес, жашаган жеринде гана каттоого тура алат. Жаңы мыйзам жумуш берүүчүлөрдү жоопкерчиликтен четтетип,  мигранттардын мыйзамдашуусуна тоскоолдук жаратты деп сыпатталууда.

Мыйзамдагы өзгөртүү Орусиядагы кыргызстандыктарга да таасир этет. Азыр  мекендештерибиз батирлерди миграциялык каттоосу менен сурай баштаганы айтылып жатат. Батир ээлери болсо,  миграциялык каттоого тургузбайбыз деп кыргызстандыктардын айласын кетирип жатканы да маалым.

Укук коргоочулардын баамында, мигранттардын жашаган жеринде каттоого турушу кыйла кыйын. Мындайда кара тизмеге түшкөн кыргызстандыктар көбөйүшү күтүлөт.

«Жаңы эреже боюнча мигранттардын каттоого туруусу кыйындайт. Анткени батир ээлери ижарачыны миграциялык каттоого тургузуу жоопкерчилигин алгысы келбейт. Ошондо мигрант ишканасына же жашаган жерине каттала албай кара тизмеге түшүп калат»,- деди юрист Кеңешбек Жеңишбеков.

Жаңыртылган мыйзамда мигранттар иштеген дарегине катаалдаштырылган шартта гана каттала алат. Кантип деген суроого төмөндөгү инфографикадан кеңири жооп ала аласыз.

Азыр Орусиянын Мамдумасы чет өлкөлүктөрдү миграциялык каттоого тургузган батир ээлерине да мыйзам долбоор иштөөдө. Эгер ал колдоо тапса, батир ээси каалаган убагында мигрантка эскертпестен каттоодон өз алдынча чыгарып салууга укуктуу боло алат.

Ушул тапта Евразия Экономикалык Комиссиясы евразиялык мигранттарга эмгек келишиминин негизинде туруктуу жашоого укук берүү долбоору каралып жатат. Муну менен ЕАЭБ биримдиктеги өлкөлөрдүн мигранттарына миграциялык каттоого туруу жеңилдетилмекчи.

Азыркы убакта Орусияда 650 миңдей кыргызстандык иштейт, 70 миңдей жаранга өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салынган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо