Төө-Моюнда мектептин атын коюу талашка түштү - Т-медиа

Төө-Моюнда мектептин атын коюу талашка түштү

Аравандын Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Найман айылындагы В.И.Ленин атындагы мектепке айылдыктар Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, айылда көп жолу депутат болгон Кабыл Асановдун ысымын берүүнү демилгелеп жатышат. Бирок Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Самат Ибраев атасы Кулике Ибраевдин атын берүүнү талап кылып, элге басым кылууда. Бул тууралуу Найман айылынын бир нече акскалдары жана аялдар, мугалимдер Ошто маалымат жыйын өткөрүп жатып билдиришти.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кабыл Асановдун уулу Мамытжан Кабылов мектепке атасынын атын коюп берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңештин төрагасына жана 4 депутатка кат жазган. Бирок ал кат депутаттардын колуна тийген эмес.

-Мен бир ай мурун 4 депутат, Р.Момбеков, Ж.Акаев, А.Жээнбеков жана И.Масалиевге жана төрага Д.Жумабековго мектептин атын К.Асановдун атын коюп бергиле деп кат жазгам. Бирок кат аларга жетпептир. Анткени мен бир айдан кийин бардым, депутаттарга жолугуп сурасам кат келген жок дешти. Мен ойлойм катты ЖКнын аппарат башчысы С.Ибраев жеткирбей койгон.

Маалымат жыйын өткөргөндөр, элдин нааразылыгы менен мектепке ЖКнын аппарат башчысынын атын өзгөртсө чон жаңжал чыгуусу мүмкүн.

Маалыматка таянсак, 2003-жылы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары В.И.Ленин атындагы мектепке Кабыл Асановдун ысымын ыйгаруу боюнча токтом чыгарган. Мектеп жамааты да бир добуштан чечим кабыл алышкан. Бирок негедир мектепке анын аты коюлбай келген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо