Эрдогандын ант берүү аземине Борбор Азия президенттеринен С. Жээнбеков гана барды - Т-медиа

Эрдогандын ант берүү аземине Борбор Азия президенттеринен С. Жээнбеков гана барды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-июлда Түркиянын Анкара шаарына Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен барды. Анда Түркиянын Президентинин инаугурация аземине катышты.

Түркиянын президенттик башкаруу системасынын алгачкы президенти болгон Эрдоган, улуттук жыйында ант берди. Түркиядагы парламенттик башкаруу аягына чыгып, президенттик өкмөт системасы башталды.

Эрдоган өз билдирүүсүндө Президенттик өкмөт системасынында 1 президенттин жардамчысы жана 16 министр болорун айтып, төмөнкүлөрдү билдирди.

-Өлкөбүздүн тарыхында демократиялык бурулуштардын эң маанилүүсү бүгүн ийгилик менен аягына чыкты. Дүйнөдө башкаруу системасы демократиялык жол менен алмашкан аз сандагы өлкөлөрдүн катарына кирип жатабыз.

Бул аземге Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Калган коңшу өлкөлөрдөн өкмөт башчы, спикерлери барган.

Режеп Тайип  Эрдогандын президенттик кызматка киришүү алдындагы ант берүү аземине АКШ, Европа, Азия, Африкадан жалпы 22 президент, 28 премьер-министр жана спикер, 6 эл аралык дүйнөдөгү эң таасирдүү уюмдун төрагалары катышты.

Түркияда 24-июнда өткөрүлгөн  мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган 52 пайыздан ашык  же 26 миллион 330 миң 823 добуш менен жеңген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо