Мэрлер парады: Ош мэрлери кандай иштеди? - Т-медиа

Мэрлер парады: Ош мэрлери кандай иштеди?

Жакында Ош шаарына жаңы мэр шайланат. Шайланганы экинчи борбор калаанын 23чү башчысы болот.

Ош шаар башкармасы 1941-жылы түзүлүп,  1991-жылга чейин 11 башчы иштеген. Түштүк борборго өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин дагы 11 мэр башчылык кылган. Демек, 27 жыл ичинде Ошто мэр тынымсыз алмашып турган.

«Т-Медиа» Ошту башкарган мэрлер кандай иштегенине көз чаптырып чыкты. Эгемендүүлүктөн берки калаа башчыларынын эмгектерине өзүңүз баа бериңиз.

                                                                                    Талапчыл калаа башчы

  • Абдыманап Мамыров эгемендүүлүк мезгилдеги Оштун эң алгачкы башчысы болуп калды. Анын убагында шаардык мамлекеттик администрациясы түзүлүп,  калааны 1991-1994-жылдары башкарган. Ал  союздан калган өнөр-жайлардын акыркыларын токтотпой,  жумуш орундарын түзгөнгө катуу көңүл бурган деп айтылат. Кол алдындагылары Мамыровду бүгүнкү күнгө чейин талапчыл башчы эле деп эскеришет. Анан да кызматтарга жакындарын жакындатпаган чыныгы жетекчи деп баалашат.                                                               

                                      Шайланбай калган мэр

1994-жылы Ош менен Токмок шаарларынын башчылары алмашат. А. Мамыров Токмокко  Медетбек Керимкулов Ошко келет. Жыл айланбай Ош менен Бишкек шаарларын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөрүү аракети башталып, мэр шайлоо өтөт. Шаар башчылыгына  эки талапкер чыгат. Медетбек Керимкулов да катышып,  эки талапкер тең шайлоодон өтпөй калган.

Убактылуу башчы

 

Бош калган шаар башчынын ордуна Мукамбет Алыкулов милдетин аткаруучу катары дайындалат. Ал башкарган 1 жыл ичинде Ош шаарында эч кандай жылыш байкалган  эмес. Күндөлүк иш өз нугунда жүрүп турган деп айтылат. Бирок Манастын 1000 жылдыгына Ош шаары Алыкуловдун башчылыгында Таласка үч кабаттуу боз үй тигип, активдүү катышканы белгилүү.

                                                    Ошту өнүктүргөн жетекчи

1996-жылы Ош шаарына Жолдошбек Раимбеков келген. Анын экинчи борбор калааны өнүктүрүүдө эмгеги зор деп айтылып жүрөт.  Анткени Раимбековдун тушунда Ош биринчилерден болуп  боордош шаарлар менен келишим түзгөн.  Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары, мугалимдер жана согуш ардагерлери жергиликтүү бюджеттин эсебинен эс алдырууга жөнөтүлүп турчу.  Андан сырткары, коммуналдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурулуп, бирдиктүү 166 кызматы түптөлөт.  Калаанын тазалыгы да жакшырып, Жолдошбек Раимбеков күн сайын текшерип чыкканы айтылат.Анан да, Ош шаарынын 3000 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө Жолдошбек Раимбековдун салымы чоң экени талашсыз. Мааракеге даярдык анын тушунда башталып, лоторея өткөрүү боюнча дирекция түзүлөт. Түшкөн акча 3000 жылдык мааракеге жумшалган. Биринчи ирет Оштун эмблемасы түшүрүлгөн калем, жылнаамалар чыгарылып, жарнамаланган. Тилекке каршы Жолдошбек Раимбеков башчылык кызматтан 1998-жылы түшүп, 3000 жылдык мааракени өзү  өткөрө алган эмес.

                                                                            Калааны компьютерлештирген Тагаев

Андан кийин Ош шаарын Абдужапар Тагаев  башкарат. Мурдагы байланыш министри шаар башчылыгын администрацияны компьютерлештирүүдөн баштайт. Администрацияны жаңы технологияга өткөрүп болгон соң, ал системаны мектептерге да киргизген. Ошентип, Ош шаарын 1998-1999-жылдары башкарган Абдужапар Тагаев компьютерлештирүү эмгеги менен эл эсинде калган.

                                                Курулуштарды жанданткан калаа башчы

Ош шаарын башкаргандардын катарында азыркы президент С. Жээнбековдун бир тууган агасы Жусупбек Шарипов  да болгон. Ал экинчи борбор калааны 1999-2000-жылдары башкарган. Анын башчылык кызматы Оштун 3000 жылдыгына туш келген. Эл аралык маанидеги мааракеге карата жаңы курулуштарды жанданткан.  Жыйынтыгында туристтер кыя өтпөгөн «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси курулат. Мындан сырткары, «Конок тосот шаарыбыз» деген лозунг менен көп кабаттуу үйлөр да түркүн түстө боёлуп чыккан.

                                       Ош тарыхындагы биринчи мэр

Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өткөргөндүгү менен белгилүү. Президент, премьер-министр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ош шаарын облуска эмес, республикага түз баш ийчү макам алып берген. Өкмөттүн токтому 2003-жылы чыгып, өзгөртүүлөр киргизилген конституцияда Ош, Бишкек шаары менен катар мэрия деп кирген. Жыйынтыгында Ж. Сатыбалдиев Ош шаарынын тарыхында биринчи мэр болуп калды. Облустан бөлүнгөндөн кийин жергиликтүү бюджет 200 млн сомдон 400 млн сомго көтөрүлгөн. Сатыбалдиевдин көзгө көрүнгөн жумушу бул менен гана чектелбейт. Калаанын борбордук көчөлөрүн асфальттаган жана тратуарларга брусчатка төшөгөндүгү көпчүлүккө маалым. Аны да жергиликтүү бюджеттен эмес, демөөрчүлөрдүн эсебенин бүткөрүп, шаардыктардын алкоосуна татыган.

                                                                            Мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынган мэр      

 Ош шаарына экинчи мэр болуп Сатыбалды Чырмашев келген. Ал Ош шаарын эки жыл башкарган. Мөөнөтүнө жетпей 2005-жылдагы «Жоогазын» революциясынан кийин кызматынан түшкөн. Ошол жылдар аралыгында көп иш жасаганга үлгүргөн жок деп айтылат.  Көрүнүктүү иши катары Алымбек Датка комплексиндеги тургузулган эстеликти атасак болот.

                                          Өзгөрүүсүз мэрлик мөөнөт     

Жумадыл Исаков 2005-2009-жылдары Ош мэри болуп турган. Мэрлик мөөнөтү аяктаганча экинчи борбор калааны башкарды. Ал жетектеген жылдары көзгө көрүнөөрлүк кескин өзгөрү болгон эмес деп айтып жүрүшөт. Бюджет план боюнча гана толтурулуп, 450 млн сомдон ашкан эмес.

                                    Саясатташкан мэр

2009-2013-жылдары Ош шаарын Мелисбек Мырзакматов башкарды. Ал саясий билдирүүлөрү менен бүт Кыргызстанга белгилүү.  Мэрлик кызматка киришкенде эле мыйзамсыз курлуштарды тайманбай  тазалап чыккан деп айтылат.  Менчиктештирилген бала бакчаларды да калаанын балансына өткөргөнү маалым. Андан сырткары, социалдык обьектилердин курулушу Мырзакматовдун тушунда жанданган. Ал 500 млн сомго жетпеген жергиликтүү бюджетти миллиард сомдон ашырган.

                                                          Улантуучу мэр

Айтмамат Кадырбаевдин мезгилинде көзгө урунаар курулуштар көп түштү. Алгачкы эстекадалык көпүрөдөн сырткары, Ак-Буура дарыясын кесип өткөн дагы эки көпүрө салынды. Борбор Азиядагы биринчи подиум да Ошто курулганын белгилөөгө болот. Ошентсе да, Айтмамат Кадырбаев мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун бүтпөй калган иштерин улантты деп айтылып жүрөт. Экономикалык абалга токтоло турган болсок, Кадырбаев жергиликтүү бюджеттин суммасын миллиард сомго жеткире алган жок.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо