Ош мэрин шайлоо саясатташтыбы? (видео маек) - Т-медиа

Ош мэрин шайлоо саясатташтыбы? (видео маек)

Ош мэрлигине жалгыз талапкердин чыгышы реалдуу эмес. Муну Ош шаардык Кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясынан талапкерлиги көрсөтүлмөк болгон Мирлан Аматбеков «Т-Медиага»кабарлады. Анын билдиришинче, өз фракциясындагы депутаттар бийликтин кийлигишүүсү менен артка чегинди. Болбосо фракция мүчөлөрү анын талапкерлигин колдоп беришмек болгон.

Мирлан Аматбековдун билдирүүсүн видеодон толук көрсөңүз болот.

 

Жогорудагы айтылгандарды Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов чындыкка коошпойт деди. Айтымында, ал төрага катары фракцияларга кийлигише албайт.

«Фракциянын жыйналбай калышына менин тиешем жок. Кайсы бир деңгээлде төраганын таасири бар деген күмөн жаралса, «Кыргызстан» фракциясынын бардык депутаттарынын алдында жооп берүүгө даярмын»,-дейт Жапар Ормонов. 

Мурдараак Ош  шаардык Кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясы талапкер чыгарарын кабарлаган. Фракция мүчөлөрү жыйынга чогула албай, Мирлан Аматбековдун талапкерлиги калтырылды.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлга белгиленген. Талапкерлерди каттоо 10-июлда 18:00до аяктаган. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган Таалайбек Сарыбашев жалгыз катышат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо