Албек Ибраимов: Мэрликтен алынышым саясий тапшырма (видео) - Т-медиа

Албек Ибраимов: Мэрликтен алынышым саясий тапшырма (видео)

Албек Ибраимов Бишкек шаардык кеңешинин чечими боюнча видео кайрылуу жасады. Ал кайрылуусунда  чыгарылган чечим  саясий тапшырык экенин билдирген.

«Бишкек шаардык кеңешинде болгон бүгүнкү чечим тууралуу мен кеч кабардар болуп калдым. Анткени мен үч күнгө тоого чыгып кеткен болчумун. Бирок бүгүнкү чыгарылган чечим саясий буюртма деп эсептейм», — дейт Албек Ибраимов.

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн кезексиз сессияга чогулуп, сессияга катышкан 40 депутат бир добуштан мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдогон. Жыйынга Ибраимов өзү катышкан эмес. Депутаттардын бул чечимин премьер-министр жактырса, мэр иштен алынат.

Кечээ, 12-июлда мэр Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы аны четке каккан. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдады.

«ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо