#Ош мэрине аманат: Сарыбашевдин алдындагы милдеттер - Т-медиа

#Ош мэрине аманат: Сарыбашевдин алдындагы милдеттер

Ош шаарында 18-июлда жаңы мэр шайланат. Кыргызстандын  ири шаары болгон  Ош саясий, маданий, экономикалык жана диний жактан аябай маанилүү аймак. Жаңы келаткан калаа башчысынын алдында оор милдет, чоң жумуш күтүп турат.

Шаардын 23чү  мэринен  тургундар эмнелерди күтөт. “Т-Медиа” интернет каналы шаар тургундарына кайрылып, алардан көйгөйлөрдү сурады.

Көйгөйлүү жол тыгыны

Бүгүнкү күндө Ош Кыргызстандын экинчи борбору аталып жүрөт. Расмий 200 миңден ашык калк жашайт. Каттоосу жокторду кошкондо жарым миллиондон ашат деп айтылат. Ал эми автоунаалардын саны 150 миңге жеткен. Сырттан күнүнө 100 миң транспорт кирип чыгат. Азыр 30 миң автоунаага ылайыкташкан негизги көчөлөрдө күн сайын тыгын. Ички жолдордун да абалы көңүл жылытаарлык эмес.

Авто токтомосу жок, бирок эвакуатору бар көчөлөр

Автопарковкалар да шаардагы чоң көйгөйөрдүн бири. Негизи шаарда атайын автотоктомо курулган эмес. Кадимки жолдун эки жагына унаалар коюлат. Ошого карабай эвакуатор кызматы кирип, шаардыктардын нааразылыгын пайда кылууда. Мэрияга караштуу 24 токтомо бар. Бирок анын шаарга төккөн каражатына да активисттер шектенип жүрүшөт.

Билим мекемелерине тартыштык курч

Акырындап Ош шаарында социалдык объектилердин курулуштары жанданып келатат. Бала бакчалар 30га жакындаса, мектептер 50дөн ашат. Ошентсе да, мектеп тартыштыгы жоюлган жок. Дээрлик баарында окуучулар ашыгы менен кабыл алынган. Орус класстарга муктаждык көп болсо да, ал чечилбей турат. Бала бакчалар да жетишсиз. Учурда 20 миңден ашык бала кезекте турат.

Жылышы жок билим сапаты

Билим сапатына токтоло турган болсок, Ош шаары  республикалык тестирлөөдөгү алтын сертификаттардын саны боюнча Бишкек шаарынан 14 эсе артта. Экинчи борбор саналганына карабай билим сапатында сезилээрлик жылыш болбой келүүдө.

 

Жакшырбаган тазалык

Кезинде Ош өлкөдөгү эң таза шаар деп аталган. Азыр»Тазалык» ишканасынын бюджети 100 млн сомдон ашат. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандырууга 60 млн сомдон көп каражат бөлүнөт. Бюджеттин эң көп бөлүгү ушул эки тармактарга жумшалганы менен шаардыктар Оштун тазалыгына канаатанбай турушат.

 Ак-Буураны торогон мыйзамсыз курулуш

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар учурда актуалдуу көйгөй болуп турат. Жакында эле шаардын «Юго-Восток» аймагында дарыянын өзүнө чейин тосуп алгандар ашкереленди. Бирок мурунку мэр тескеринисинче, дарыянын жээгине жакын курулуш жүргүзүүгө уруксат берүүнү шаар депутаттарынан сураган. Ал эми шаардыктар Ак-Бууранын айланасында ээн-эркин эс алууну каалашат.

Жаңы мэр кызматка келе жатканына байланыштуу #Ошмэринеаманат аттуу акция болот. Иш чара 14-июль күнү саат 18.00дө подиумда өтөт. Сиз да келип кызматка келе жаткан шаар башчысына аманатыңызды айтсаңыз болот.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо