Кыргызстандагы медреселерге диний китептер акысыз таратылат - Т-медиа

Кыргызстандагы медреселерге диний китептер акысыз таратылат

Кечээ, 13-июль күнү «Түркия Диянет» фондунун колдоосу менен Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан даярдалган «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу жети томдуу эмгектин бет ачар аземи болуп өттү.
Ага Түркиядан бир канча өкүлдөр жана Кыргызстандан дин тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты. «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу жети томдук китеп Түркиялык профессорлор тарабынан жазылып чыккан. Басылмада жашоонун бардык чөйрөсүн камтыган хадистер жөнүндө 400дөн ашуун теманын ар бири кеңири баяндалган.
Жети томдук китепти кыргызчалаган Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери болуп саналат. Жалпысынан 5000 даана китеп чыгарылып анын ичинен 2500ни Кыргызстандын медреселерине бекер таратылып берилет. Ал эми калганын каалоочулар ОшМУнун теология факультетине барып алса болот.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо