Футбол: Хорватия же Франция. Добуш бериңиз - Т-медиа

Футбол: Хорватия же Франция. Добуш бериңиз

Бүгүн Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталмакчы.  Анда финалга чыккан Франция жана Хорватиянын курама командалары беттешет.

Акыркы оюнга Франция жарым финалда Бельгияны утса, Хорватия Англияны утуп финалга чыккан.

Финалдык беттеш Москвадагы «Лужники» стадионунда Бишкек убактысы менен 21.00дө башталат.

Ал эми үчүнчү орунду Бельгиянын курама командасы ээледи. Англиянын футбол командасы менен беттешип, 2-0 эсебинде жеңишке жетишти.

Дүйнө чемпионаты 14-июнда башталган. Ага 32 команда катышып, оюндар Орусиянын 11 шаарында өттү. Биринчиликтин уюштурулушуна, өтүшүнө ФИФА президенти Жанни Инфантино да жогорку баасын берип, РФ өкмөтүнө, президентке ыраазычылык билдирген.

Буга чейин Франция курама командасы 1998-жылы Францияда өткөн чемпионатта чемпион болгон. Ал эми Хорватия ошол эле жылы чемпионатта коло медалга ээ болгон. Эки команданын байгелүү орундарды албаганына  20 жыл болду.

Кийинки дүйнөлүк футбол чемпионаты 2022-жылы Катарда өтөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо