Ош мэрине кайрылуу: талапкерге алдындагы милдеттери эскертилет - Т-медиа

Ош мэрине кайрылуу: талапкерге алдындагы милдеттери эскертилет

Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашевге кайрылуу жөнөтүлөт. Расмий катта “Ош мэрине аманат” акциясында көтөрүлгөн сунуштар камтылмакчы.

Оозеки жана жазма түрүндө 20дан ашык кайрылуу жасалган.  Акция уюштуруучулары баарын кагазга түшүрүп, талапкерге шайлоого чейин жөнөтүүнү пландоодо.

Жаңы мэрге калтырылган аманатта актуалдуу маселелер тизмектелген. Келтирилген сунуштар төмөндө:

Кошумчалай кетсек, 14-июлда өткөрүлгөн “Ош мэрине аманат” деп аталган акцияга Таалайбек Сарыбашев да чакырылган. Бирок ал жеке иштерине байланыштуу катыша албастыгын билдирген.

Акция жаңы мэрдин алдындагы милдеттерди эскертүү жана ага көйгөйлөр тууралуу багыт берүү максатында уюштурулган. Иш чарага Ош шаарынын тургундарынан сырткары, 50дөн ашык жарандык активисттер катышты.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Мэрликке көпчүлүк коалиция чыгарган Таалайбек Сарыбашев жалгыз катышат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо