Ошто 5 жашар кыз сууга агып кетти - Т-медиа

Ошто 5 жашар кыз сууга агып кетти

Оштогу Озгур каналынан 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Ал 15-июлда суу жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен. Окуя күбөлөрү агып кеткен кызды дароо эле таап алып чыгышкан. Тилекке каршы, жеткинчек куткарылганга чейин эле каза болуп калган экен.

“Т-Медиага” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуяда кылмыш белгилери байкалбайт. Иликтөөнүн жыйынтыгы кыздын өлүмүн кокустук деп көрсөттү.

“5 жашар кыз таенеси менен Ош шаарындагы Озгур айылына коноко келген. Окуя катталган учурда таенеси башка нерсе менен алек болуп жаткан. Кыз кароосуз канал жээгинде ойноп жатып, сууга агып кетип каза болду”, — деди Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков.

Ушуну менен Ошто өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп каза болгон үчүнчү учур катталды. Милиция шаардыктарды жана конокторду сууга түшүүдѳ коопсуздук чараларын кѳрүүгѳ чакырат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда сууга агып жана чөгүп 57 адам каза болгон.  35 факты чөмүлүү сезону башталгандан бери катталган. Анын ичинен тогузу өспүрүм, үчөө аял киши.

2017-жылы жалпы 144 адам сууга е агып кетип каза болгон. Быйыл ӨКМ 168 суучул куткаруучуну даярдаган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо