Кыргыз-өзбек чек аралары боюнча сүйлөшүүлөр өттү - Т-медиа

Кыргыз-өзбек чек аралары боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өттү. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялар ы бул ирет Ошто жолуккан. Муну Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарлады.

Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусун “Т-Медиага” Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнөн да ырасташты.

Маалыматка ылайык, делегация мүчөлөрү бир жумага созулган жолугушуу учурунда Кыргызстандын Баткен жана Жалалабад облустары менен Өзбекстандын Наманган, Фергана облустары чектешкен жердеги аймактарга чыгып иштешкен. Натыйжада Гава жана Гавасай аттуу аймактардагы чек ара өтчү сызыктары аныкталганын өзбек тарап билдирүүдө.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 85% такталган. Калган 208 чакырымы былтыр жыл соңуна чейин макулдашылары айтылып, аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо