Өлкөгө автоунаа алып кирүү арзандайт (түшүндүрмө) - Т-медиа

Өлкөгө автоунаа алып кирүү арзандайт (түшүндүрмө)

25-июлдан Кыргызстанга чет өлкөдөн ташылган жеңил автоунааларга бажы төлөмү азайтылат. Бензин жана дизелдик автотранспортго бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү өлчөмү 2014-жылкы эсепке чейинки деңгээлде төмөндөтүлөт.

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандагы беш белгилүү унааны мисал келтирип, өлкөгө алып кирүү менен документтештирүүгө канча кетээрин түшүндүрүп берди.

Өткөн жумада өкмөт сырттан ташып келинген автомобилдердин бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү эки аптадан кийин 2014-жылкы көрсөткүчкө чейин ылдыйлайт деген токтом кабыл алган. Документ 15 күндөн кийин күчүнө кирип, 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Буга чейинки өкмөт Евразия Экономикалык Биримдигинин шартына ылайык келтириш үчүн сырттан ташылган автоунааларга бажы төлөмүн 2014-жылы көтөргөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо