Ошто 50 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды - Т-медиа

Ошто 50 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Ошто курулушу бүтө элек үйдүн жер төлөсүнөн асынып турган кишинин сөөгү табылды. Азырынча  өзүнө кол салганы же киши колдуу болгону аныктала элек.  Алдын ала маалыматтарга ылайык, 50 жаштагы маркум Ош шаарына таанышынын үйүнө келген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан “Т-Медиага” билдиришкендей, окуя 16-июлда  катталган.

“ Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Маркум 15-июль күнү Кара-Суу районунан Ош шаарына келген. Алдын ала маалыматтар боюнча ал кишинин үй-бүлөлүк көйгөйлөрү болгон” ,- деди Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков.

Маркум  Кара-Суу районунда 1968-жылы туулгандыгы аныкталган. Алгачкы текшерүүнүн жыйынтыгында денесинен жаракаттар табылган эмес.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо