Ошто жолдордун казылышы көйгөй жаратты (видео) - Т-медиа

Ошто жолдордун казылышы көйгөй жаратты (видео)

Ош шаарынын Асранкулов жана Закиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдор казылып жатат. Ал жерден Молдо Нияз көчөсүнүн жашоочулары суу куурларын өткөрүүдө.  Бирок ошол кесилиш аркылуу суу түтүгүн тартканга эки көчөнүн тургундарынан макулдук суралган эмес.  Муну алар “Т-Медиага” билдирип чыгышты.

Азыр эки көчөнүн кесилишиндеги жол так ортодон казылып, автоунаалар жүрө албай калган.  Жашоочулар үйлөрүнө мурдагыдай түз эмес, ар көчөдөн айланып каттоодо.

Асранкулов жана Закиров көчөлөрүнүн жашоочулары казуу иштерин мыйзамсыз деп эсептөөдө. Ал эми Молдо Нияз көчөсүндөгүлөр тиешелүү уруксат кагаздары бар экенин билдиришти.

Уруксат алынганы боюнча маалыматты Ош шаардык суу чарба башкармалыгы ырастайт.  Анда маалым болгондой, Молдо Нияз көчөсүнө суу куурларын тартканга уруксат берилген.

“Биз Молдо Нияз көчөсүнө суу алып барганга макулдук бергенбиз. Техникалык условиялары бар. Ооруканын жанынан өткөн куурдан улап суу тартып кете алышат. Кайсыл көчөдөн тартып барышына кийлигишпейбиз. Ал боюнча уруксатты жолдор башкармалыгы берет ”, — деди башкармалыктын башчысынын орун басары Талант Байкишиев.

Жолдор башкармалыгынан билдиришкендей, суу куурларын Асранкулов жана Закиров көчөлөрү аркылуу тартканга уруксат бар. Бирок түтүктөрдү алып өтүүдө жол эрежелери сакталбай калган.

“Жолдон автоунаалар өтүүчү жер калтырылып анан казылышы керек болчу. А булар ортодон казып алышкан. Азыр казылган аймака тиешелүү адистерди жибердик. Тактоо иштеринен кийин чара көрүлөт”,-деди Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчинин орун басары Сатыбалды Абдылдакунов.

Жолдор башкармалыгы менен түзүлгөн келишимге ылайык,  Молдо Нияз көчөсүнүн жашоочулары казылган жолдорду калыбына келтириш керек. Азыр суу куурлары жаткарылган жолдор кайра жабылып жатат. Асфальт төшөө милдеттендирилбейт.  Анткени ал көчөлөр 30 жылдан бери оңдоодон өткөн эмес.

Кошумчалай кетсек, Асранкулов көчөсүн асфальттоого 24 млн сом керектелет.  Ош мэриясына жөнөтүлгөн кайрылуудан жыйынтык чыкпай келүүдө. Ошондон улам жашоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы турушат.

Асранкулов жана Закиров көчөлөрүндөгү жол көйгөйүнө буга чейин “Т-Медиа” да кайрылган. Тамтыгы чыккан жолду бул шилтемеден кеңири окусаңыз болот.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо