Ош мэрин шайлоо башталды - Т-медиа

Ош мэрин шайлоо башталды

Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашев платформасын тааныштырып бүттү.  Шаардык кеңештеги фракция лидерлери өз сунуштарын айтып болгон соң добуш берүү жараянына уруксат берилди.

Добуш берүү жашыруун өтүп жатат. 45 депутаттын ар бири өз-өзүнчө кирип добуш берүүдө.

Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги депутаттар толугу менен келген. Эгерде шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоо өттү деп эсептелет.

Эске салсак, Ош мэрлигине өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Ал 11-июлда мамлекеттик тилден сынак тапшырып, «кыргыз тилин билет» деген баа алган.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда кызматын тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо