Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды - Т-медиа

Ош мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды

Ош шаарынын мэрин шайлоо аяктады. Добуш берүү жараяны жашыруун өттү.

Жыйынтыгында, Таалайбек Сарыбашев 44 добуш менен мэр болуп шайланды.  Аймактык шайлоо комиссиясы токтом чыгарып, шайлоо өттү деп эсептеди .

Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толугу менен катышты. Шайлоо мыйзамына ылайык, депутаттардын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоону өттү деп эсептелет.

Эске салсак, Ош мэрлигине өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Ал 11-июлда мамлекеттик тилден сынак тапшырып, «кыргыз тилин билет» деген баа алган.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда кызматын тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо