Жаңы мэр Ошту кантип өнүктүрөт? Планын окуңуз... - Т-медиа

Жаңы мэр Ошту кантип өнүктүрөт? Планын окуңуз…

Ош шаарынын мэри болуп Таалайбек Сарыбашев шайланды. Шаардык Кеңешке катышкан 45 депутаттын 44 тү макул, ,бирөө каршы добуш берди. Жаңы шайланган мэр Ош шаарын өнүктүрүү үчүн өзүнүн 4 багыттуу планы менен тааныштырды. Алар экономика, курулуш, коммуналдык чарба жана социалдык багыттар.

 Экономиканы кантип көтөрөт?

 Экономика тармагын Т.Сарыбашев көмүскө экономиканы жоюу жолу менен көтөрөт. Мындан сырткары жеңил өнөр жай, кайра иштетүүчу ишкана жана  чакан бизнеске олуттуу көңүл бурат.  Туризм тармагы да казынаны толтуруунун бир бөлүгү. Тарыхый Ош шаары буга салым кошот.

Коммуналдык тармак эмне болот?

Бул тармакта негизги көйгөй таза суу. Бул маселе жаңы мэрдин приоритеттүү багыты. Ал таза суу көйгөйүн чечүүгө бардык ички каржы булактарын жумшайт. А түгүл республикалык жана сырткы донорлордон да каражат сурайт.

Турак жай тармагындагы ишке ашчу маселелердин бири  көп кабаттуу үйлөрдө домофондорду орнотот. Мунун менен кошо подьездердеги тазалык, жарыктандыруу жана тартип мселеси да чечилет.

Жол жана тыгын көйгөйүн кантип чечет?

Мэрдин айтымында, жол тыгынын айлампа жолдор чечет. Ал шаарды айланып курула турган республикалык автожолдорду куруу үчүн ЖК депутаттары, КРнын өкмөтү менен иш алып барат.

Ички жолдордун сапаттуулугуна дыкат көңүл бурат. Дилетант куруучуларга эмес, кечипкөй адистерге жол курууну берет.


Муниципалдык каттамды жеке менчикке берет

Бул маселени чечүүгө чет элдик тажырыйбага таянат. Ал адистердин сунушу менен муниципалдык автопарктан баш тартып, ыңгайлуу жана сапаттуу жеке фирмаларга берет. Булар биринчи кезекте жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жүрүп жатат.

Социалдык багытка кантип көңүл бурат?

Соңку жылдардагы Ош шаарынын окуучуларынын олимпиададагы төмөн көрсөткүчтөр мэрдин көңүлүн бурду. Ал окуучулардын билимин жогорулатуу үчүн күчтүү мугалимдерди таап келет. Алардын айлык акыларын жеке бюджеттен субсидия аркылуу көбөйтөт.

Чет тили жана маалыматтык технолигия адистиктерин көбөйтүү үчүн атайын программа иштеп чыгат.

Кадрды кантип тандайт?

Т.Сарыбашев кадрды мыйзам аркылуу тандайт. Мамлекеттик жана муниципалдык мыйзамдын талабына ылайык конкурстун негизинде кызматка алат. Ал конкурстан өткөндөн кийин аңгемелешип, татыктуу кесипкөй, билимдүү жарандарды кабыл алат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо