Сарыбашев кийинки аптадан мэрликке киришет. Эгер арыз-даттануулар түшпөсө - Т-медиа

Сарыбашев кийинки аптадан мэрликке киришет. Эгер арыз-даттануулар түшпөсө

Ош мэрин шайлоо өттү деп таанылды. Тиешелүү протоколдор БШКга жөнөтүлдү. Эгер үч күн ичинде арыз-даттануулар түшсө, ал да боршайкомго жиберилет.

Азырынча шайлоо таза өттү деп бааланып жатат. Ошол эле учурда шайлоо эрежелери бузулганы да айтылды.

Шайлоо талабына ылайык,  бюллетендер бүктөлүп ташталыш керек эле. Бүгүнкү шайлоодо айрым депутаттар ачык эле көрсөтүп таштап жатышты.

Эгер жогорудагы айтылгандар одоно мыйзам бузууга кирсе, шайлоо өттү деп таанылбайт. Ал боюнча АШКга арыз ташталып, иликтөө БШКда жүргүзүлөт.

Азырынча добуш берүү жашыруун өтпөдү деген арыз жазылаары анык эмес. Үч күн ичинде жиберилбесе түшкөн даттануу күчүн жоготот.

Эч кандай арыз түшпөсө же ал одоно мыйзам бузууга жатпаса шайлоо өттү деп эсептелет. Андан кийин боршайком АШКга күбөлүк жиберет. Ал тапшырылганда гана Таалайбек Сарыбашев мэрлик кызматына  расмий киришет.

Мэр шайлоого Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутат толугу менен катышып, 44ү “макул” деп добуш берген. Жараксыз бюллетен чыккан жок. Шайлоо мыйзамына ылайык, депутаттардын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоо өттү деп эсептелет.

Ош мэрлигине өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Ал 11-июлда мамлекеттик тилден сынак тапшырып, «кыргыз тилин билет» деген баа алган.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда кызматын тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо