Сарыбашев: Ош шаары эки жылда өнүгөт - Т-медиа

Сарыбашев: Ош шаары эки жылда өнүгөт

Ош шаары эки жыл ичинде өзгөрөт. Бул тууралуу Ош мэрлигине жалгыз талапкер Таалайбек Сарыбашев шаардык кеңештин депутаттарына платформасын таанышып жатып билдирди.

Талапкер өнүктүрүү планын тааныштырып болгон соң ар бир фракция лидери сунуштарын айтышты.

КСДП фракциясы калаа бюджетин көтөрүүгө үндөсө, “Кыргызстан” фракциясы шаардын таштанды талаасын жылдыруу маселесин биринчи кезекте чечүүгө чакырды.

“Мекеним Кыргызстан” фракциясынын лидери Ак буура даярысынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды жөнгөрүүнү айтты. “Республика Ата Журт” фракциясы болсо,  шаарды толук кандуу  таза суу менен камсыздоону сунушташты.

“Өнүгүү Прогресс” ишкерлерди колдоо багытында инвестиция тартуу керектигин билдирди.  “Бир бол” фракциясы өзгөчө балдарга шарт түзүүгө чакырды.

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга КСДП, «Бир Бол» жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирген. “Республика — Ата Журт” “Кыргызстан”, жана “Өнүгүү” фракциялары оппозицияда калган.

Ушул тапта Ош мэрин шайлоо өтүп жатат.  Депутаттар жашыруун түрдө добуш берүүдө.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо