Таалайбек Сарыбашев облус башчылыгын тапшыра элек - Т-медиа

Таалайбек Сарыбашев облус башчылыгын тапшыра элек

Ушул тапта өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүн Таалайбек Сарыбашев жетектеп турат. Азырынча ээлеген кызматын качан тапшыраары анык эмес. Мындай маалыматты “Т-Медиага” өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

“Таалайбек Сарыбашев мэрликке талапкер болгондон бери эле өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү катары иштеп келе жатат. Мэрлик кызматка расмий киришкенде гана ээлеген кызматын тапшырат. Азырынча өкмөт анын ордуна милдетин аткаруучу же дайындалчу адамды коё элек”, -деди Айтмат Азамжан уулу.

Таалайбек Сарыбашевдин мэрлик кызматка расмий качан киришери 3 күн ичинде белгилүү болот. Бул убакыт аралыгында аймактык шайлоо комиссиясы мэр шайлоо боюнча арыз-даттанууларды карайт. Жыйынтыгы БШКга жөнөтүлөт.

«Азыр БШКга шайлоо өттү деген протоколдорду жибердик. Алдыда арыз түшсө аларды да боршайкомго тиркеп жөнөтөбүз. Ошондон кийин гана БШК жаңы мэрдин кызматка расмий киришээрин аныктап, АШКга күбөлүк жөнөтөт. Күбөлүктү тапшырганыбызда гана Таалайбек Сарыбашев мэрлик кызматына  расмий киришет «, — дейт БШКнын Оштогу өкүлү Расул Кадыров. 

Таалайбек Сарыбашев бүгүн Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Шайлоого атаандашсыз катышкан талапкер 44 депутаттын “макул” деген добушун алган. Таалайбек Сарыбашевдин талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо