Ош шаарында кылмыштуулук өстү (Видео)


Жыл башынан бери Ош шаарында 1300гө жакын кылмыш катталды. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салышмырмалуу 200 учурга көп. Бул тууралуу 19-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жарым жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйында белгилүү болду. 

Милициянын маалыматында, криминалдык кылмыштар көп катталган. Бул багытта 794 факт катталып, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 52 кылмышка көп тергелген.

Катталган кылмыштардын алтоосу адам өлтүрүү фактысына кирет. Анын бирөөсүнүн бети ачыла элек.

Ал эми зордуктоо боюнча 5 кылмыш катталып, баарынын бети ачылган.

Мындан сырткары, оор жана өзгөчө оор кылмыштардан 36 учур жүз берген. Опузалоо 2, каракчылык 7, алдамчылык 156, тоноо 70, ден-соолукка оор залал келтирүү 6, автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу боюнча 11 факт катталган.

Кылмыштарды алдын алуу жана алардын бетин ачуу боюнча Ош ШИИБ иш аракеттерди көрүп жатат.  Ал багыттагы ишмердүүлүк мындан да жакшыраарын ШИИБнын башчысы Мурат Боронов билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси апрелде алмашып, Кылычбек Жолдошевдин ордуна Ош облустук ИИБны жетектеген Мурат Боронов келген. Ошондон бери жаңы жетекчи ишмердүүлүктөрү боюнча экинчи жолу маалымат жыйын куруп жатат.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо