Ошто көмүскөдөгү кумарканалар аныкталган жок - Т-медиа

Ошто көмүскөдөгү кумарканалар аныкталган жок

Ош шаарында жашыруун ишмердүүлүк жүргүзгөн кумарканалар аныкталган жок. Муну Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов маалымат жыйында билдирди.

“Ички иштер министрлиги Оштогу кумарканаларды үч күн ичинде жабуу тапшырмасын койгон. Кызматтык топ текшерип чыкканда ишмердүлүгүн жүргүзүп келе жаткан кумарканалар табылган жок. Азыр да аныктоо иштерин улантып жатабыз”, — деди Мурат Боронов.

Эске салсак, апрелде ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ош ШИИБнын башчысы Мурат Бороновго кумарканаларды үч күн ичинде жабууну тапшырган. Өмүрзаков шаардыктардан оюн клубдарына байланыштуу көп арыздар түшүп жатканын белгилеп, көзөмөлдөөнү буюрган.

Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тартып казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо