Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев аткарып жатат - Т-медиа

Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев аткарып жатат

Азыр Ош  мэринин милдетин Саибжан Турдуев убактылуу аткарып жатат.  Ал Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришкенге чейин бул кызматта болот. Мындай маалыматты  “Т-Медиага” мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Таалайбек Сарыбашев БШК тарабынан расмий күбөлүк тапшырылганда гана мэрликке киришет.  Качан тапшырылышы 3 күн ичинде белгилүү болот. Бул убакыт аралыгында аймактык шайлоо комиссиясы мэр шайлоо боюнча арыз-даттанууларды карайт. Эч кандай арыз түшпөсө же ал одоно мыйзам бузууга жатпаса шайлоо өттү деп эсептелет. Андан кийин боршайком АШКга күбөлүк жиберет.

Таалайбек Сарыбашев 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Шайлоого атаандашсыз катышкан талапкер 44 депутаттын “макул” деген добушун алган. АШК шайлоону өттү деп тааныган протоколдору БШКга ошол эле күнү жиберген.

Эске салсак, Айтмамат Кадырбаев мэрлик кызматын 3-июлда тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалган.

Кошумчалай кетсек, учурда калаа башчынын милдетин аткарып жаткан С.Турдуев биринчи вице мэрликке келгенде, анын иш тажырыйбасы коомчулукта талкуу болгон. Ал ага чейин Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы болгон.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо