УКМК Албек Ибраимовду кармады - Т-медиа

УКМК Албек Ибраимовду кармады

Бүгүн Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Бишкек шаарынын мэри 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган.

Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

«ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан.

Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, Ибраимов Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө да тиешеси бар деп шек саналууда.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо