Денис Тендин өлүмүнө шектүү күнөөсүн мойнуна алды - Т-медиа

Денис Тендин өлүмүнө шектүү күнөөсүн мойнуна алды

Муз үстүндө бийлеген казакстандык Денис Тендин өлүмүнө шектелип кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу NUR.KZ сайты прокурор Алматы Берик Жуйриктаевге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Прокурордун айтымында, спортчунун өлүмүнө шектелип кармалган жаран Казакстандын Жамбыл облусунун 24 жаштагы тургуну Нуралы Киясов. Шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Белгилүү фигуристтин өлүмүнө эки жаран шектелип жатат. Учурда экинчи шектүү изделүүдө.

Эске сала кетсек, 25 жаштагы Денис Тен 19-июль күнү Казакстандын Алматы шаарында каракчылардын колунан жаракат алып, ооруканада каза тапкан.

Маркум фигурист 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиада оюндарында 3-орунду ээлеп, Казакстанга коло медаль алып берген.

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо