Ошто суюк газ 30 сомго чыкты - Т-медиа

Ошто суюк газ 30 сомго чыкты

Ош шаарында суюк газ кымбаттап жатат. Өткөн айда 1 килограмм суюк газ 20 сом болсо, азыр 30 сомго чыкты. Бир апта мурун 25 сом эле.

Кымбаттоо Орусиянын мунай базарындагы абал менен байланыштуу болуп жатат. Муну «Т-Медиага» монополияны жөнгө салуу агенттигинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Кабыл Уметов билдирди.

«Суюк газ Орусиядан келет. Азыр Россиядагы мунай заводдорунда  күйүүчү май тартыштыгы жаралып, баалар көтөрүлүп жатат. Алдыда арзандайбы же кайра кымбатташы бизге анык эмес. Бул жагы Орусиядагы мунай бааларынын турукташышына көз каранды «,- деди Кабыл Уметов.

Уметов, суюк газ Кыргызстандын башка аймактарында канча сомго көтөрүлгөнүн тактай алган жок.

Эске салсак, Кыргызстанга жарым жылда 504,5 миң тонна мунай өндүрүмү ташылып келген. Анын 234 миң тоннасы бензин болсо, калганы дизелдик отун.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо