Алайда 16 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду - Т-медиа

Алайда 16 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду

Алай районунун Сары-Могол айылында тоо боорундагы көлгө 16 жаштагы бала чөгүп каза болду. Бул тууралу «Т-Медианын»кабарчысы Маратбек Акимбеков окуяны жеринен кабарлады. Окуя бүгүн саат төрттөр чамасында болгон. Өспүрүмдү куткарууга Европадан келген 10дон ашуун туристтер да жардам берип, тилекке каршы баланы алып чыга алышкан эмес. Айыл тургундары бул көлдү “Ыйык көл” деп аташкан.

Белгилей кетсек учурда Алай районунда ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтүүдө. Фестиваль Алай жерине туристтерди тартуу жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү көргөзүү максатында уюштурулган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо