Белгилүү журналист каза тапты. Улан Эгизбаевдин таржымалы - Т-медиа

Белгилүү журналист каза тапты. Улан Эгизбаевдин таржымалы

Кыргыз журналистикасына доо кетти. Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев мезгилсиз дүйнө салды. Ал болгону 28 жашта эле.

Курч иликтөөлөрү менен таанылган Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин бүтүргөн. 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

Уланбек Эгизбаев кыргыз журналистикасына кыска убакытта из калтыра алды. Ал эмгек чыйырын  2012-жылы «Агым» гезитинде кабарчы болуп баштаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тарта иштеп келе жаткан. “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасачу. Анын иликтөөлөрү коомдо резонанс жаратып, көтөргөн маселелеринин көпчүлүгү оң тарабына чечилген. «Саясатташкан мумия» Эгизбаевдин акыркы иликтөөсү болуп калды.

Акыркы убакта Улан Эгизбаев коркутуу-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирип жаткан эле. Азырынча Чолпон-Атада сууга чөгүп каза болгону кырсык катары бааланып жатат.

Менин атыма кыргыз почтасы аркылуу 2 бош кат келиптир. Бул эмнеси, кокуй? Шадиевден го десем жөнөтүлгөн жери Бишкек экен 🙂

Опубликовано Ulanbek Egizbaev Понедельник, 16 июля 2018 г.

Эгизбаев иликтөөлөрүнөн сырткары кыска метраждуу тасмалары менен да белгилүү.  Ал Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу «Жол» деп аталган тасма тарткан. Тасмада анын күн сайын эки сааттык азаптуу жолу жана мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү чагылдырылган. Көп өтпөй “Жол” аттуу даректүү тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго «Эмгек сиңирген мугалим» наамы ыйгарылган.

2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.

Журналистикада жүргөн аз убакытта Уланбек Эгизбаев 2016-жылы Эгемендиктин 25 жылдыгына карата Ардак грамота менен сыйланган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Андан сырткары ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгына татыган.

Жеке жашоосунда көп максаттары орундалбай калды. Жубайы Сапаргүл Абдинабиева экөө быйыл перзент күтүп жаткан болчу. Шум ажалдын айынан Уланбек Эгизбаев тун перзентин көрө албай оо дүйнөгө кете берди.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо