Кырчын өмүр. Ошто Уланбек Эгизбаев эскерилди - Т-медиа

Кырчын өмүр. Ошто Уланбек Эгизбаев эскерилди

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү кечеси Ош шаарындагы “журналисттер аллеясында” өттү.

Эскерүү митинггине  Оштогу журналисттер, коомдук активисттер жана бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып өз пикирлерин айтышты.

Сөзгө чыккандар Улан Эгизбаев жаш болсо да кыргыз журналистикасына из салып, иликтөө боюнча чоң бурулуш жасап кеткендигин белгилешти. Анан да демократиянын өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилеп журналист Майрам Мырзакулова төмөндөгүлөргө токтолду

-“Кыргыз журналистикасында Уландай тазалыкты баалап, анын жолун улантып, ал көтөргөндөй оор маселелерди коомчулука жеткирели. Улан сен биздин жүрөгүбуздө эң мыкты журналист катары жашайсын, биз сени эч качан унутпайбыз”деди Майрам Мырзакулова.

“Азаттык” радиосу уюштурган Эгизбаевди “эскерүү китепчесине” катышуучулар “ ак кыядан сел жүрүп жол кыйрады, сени менен замандаш болгонума сыймыктанам, кайталангыс талант” деп кол тамагалар жазышты.

Кошумчалай кетсек, Бишкектеги соттук-медициналык экспертиза борбору журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгүнө жасалган экспертизанын баштапкы жыйынтыгын чыгарып, анын өлүмүнүн себебин «чөгүп өлүү” деп тапты.

Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.

Курч иликтөөлөрү менен таанылган Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин бүтүргөн. 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.

“Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келе жаткан.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо