Ош шаарында 32 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду - Т-медиа

Ош шаарында 32 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду

Ош шаарында 32 жаштагы тургун сууга чөгүп каза болду. Бул тууралу «Т-Медиага» өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык бүгүн “112” кызматына Касымбеков көчөсүндө жайгашкан ВЛКСМ каналына белгисиз адам чөгүп кеткендиги тууралу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучу тобу саат 12:56да жетип барган. Куткаруучулар чөгүп кеткен жарандын сөөгүн саат 13:40 таап туугандарына өткөрүп берген. Каза болгон жаран 1986-жылы туулган Т.Э. болгон.

Жыл башынан бери Кыргызстанда сууга агып жана чөгүп 57 адам каза болгон.  35 факты чөмүлүү сезону башталгандан бери катталган. Анын ичинен тогузу өспүрүм, үчөө аял киши.

2017-жылы жалпы 144 адам сууга агып кетип каза болгон. Быйыл ӨКМ 168 суучул куткаруучуну даярдаган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо