Ошто сот өкүмүнө нааразылар чыкты (видео) - Т-медиа

Ошто сот өкүмүнө нааразылар чыкты (видео)

Кызматкерин токмоктоого айыпталган 109-кесиптик лицейдин директору 8 жылга эркинен ажыратылды. Ош шаардык сотунун бул өкүмүнө жабырлануучу тарап макул эмес. Берилген жаза мөөнөт аз болуп калганын Айзат Субатаева маалымат жыйында билдирип чыкты.

Анын билдиришинче, окуядан кийин күйөсү Бактыбек Субатаев 1-топтогу майып болуп калды.  Соо адамды майып кылгандыгы үчүн Турсун Аматов тиешелүү жазасын толук алыш керек деди.

Чыккан өкүмгө нааразычылык боюнча Ош шаардык соту кат түрүндө жооп берген. Билдирүүдө төмөндөгүлөр жазылган:

2018-жылдын 18-июль күнү Ош шаардык сотунун өкүмү менен айыпталуучу Турсун Аматов КРнын кылмыш жаза кодексинин 104-статьясынын 2-беренесиндеги 5-пункту боюнча күнөөлү деп табылып, 8 жыл күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөөрү көрсөтүлгөн. Бөгөт кою чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынган.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык сотунун өкүмү соттолуучу тарабынан аппеляциялык тартипте даттанылып, аталган жазык иши Ош областтык сотунда каралмакчы.

Эске салсак, былтыр апрелде Кара-Кулжа районундагы №109 кесиптик лицей директорунун орун басары Бактыбек Супатаев сабалып, ооруканада өзүн билбей бир нече ай жаткандыгы айтылган. Аны токмоктоого Турсун Аматов айыпталып, иш Ош шаардык сотуна өткөрүлгөн болчу.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо