Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришти - Т-медиа

Таалайбек Сарыбашев мэрликке расмий киришти

Ош шаарынын мэри болуп шайланган Таалайбек Сарыбашевге тиешелүү күбөлүк тапшырылды. Эми ал бүгүн, 24-июлдан тарта мэрлик кызматка расмий киришти.  

Күбөлүктү Сарыбашевге аймактык шайлоо комиссиясы  тапшырды. Иш чарага өкмөттүн вице-премьер-министри Замир Аскаров,  Ош мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык кеңеш депутаттары катышып, жаңы мэрге ийгилик каалашты.

Ал эми кызматына расмий киришкен Таалайбек Сарыбашев көрсөтүлгөн ишенимди актоого жана Ош шаарын өнүктүрүүгө болгон аракетимди жумшайм деди.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэр шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдорду 23-июлда бекиткен. Ага ылайык, Таалайбек Сарыбашев Ош шаарына расмий мэр болгон.

Таалайбек Сарыбашев 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Шайлоого атаандашсыз катышкан талапкер 44 депутаттын “макул” деген добушун алган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган.

Эске салсак, Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда кызматын тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо