Таалайбек Сарыбашов: Ош шаарынын бюджети көтөрүлөт - Т-медиа

Таалайбек Сарыбашов: Ош шаарынын бюджети көтөрүлөт

Таалайбек Сарыбашов Ош мэрлигине бүгүндөн расмий киришти. Ал мэрлик мөөнөтү бүткөнчө жергиликтүү бюджетти көтөрүүнү убадалоодо.

Жергиликтүү казынанын көлөмү көмүскө салыктардын эсебинен көтөрүлөт. Ал багытта жаңы мэр өзүнчө пландарды түзгөн.

Бюджет көбөйсө социалдык обьектерди курууга басым жасалат. Бала-бакча, мектептер көбөйөрүн Таалайбек Сарыбашов убада кылды.

Эреже боюнча жаңы шайланган мэр 100 күндүн ичинде шаардын стратегиялык планын иштеп чыгат. Сарыбашов мурунку мэрлердин өнүктүрүү пландарын кошумчалап, аягына чыга элек жумуштарды  улантарын билдирди.

“Буга чейин Айтмамат  Тентибевич планын эксперттер ,тийиштүү жетекчилер менен талкуулап бекиткен. Жакшыжактары болсо улантабыз, алымча кошумчалары болсо толуктайбыз. Биздин өзүбүздүн сунуштар бар, ошону кошумчалап, шаардык кеңешке алып чыгабыз”, — деди Сарыбашев.

Таалайбек Сарыбашов мындан сырткары, кандай жумуштарды аткарат? Алдыдагы пландарын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот.

Таалайбек Сарыбашов 18-июлда Ош шаарынын мэри болуп шайланган. Шайлоого атаандашсыз катышкан талапкер 44 депутаттын “макул” деген добушун алган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган.

Эске салсак, Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев 3-июлда кызматын тапшырган. Өкмөттүн буйругу менен ал Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары болуп дайындалган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо