Уланбек Эгизбаев акыркы сапарга узатылды - Т-медиа

Уланбек Эгизбаев акыркы сапарга узатылды

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Тажиясына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар жана активисттер катышты.

Эгизбаевдин сөөгү өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти.

Бишкектеги соттук-медициналык экспертиза борбору журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгүнө жасалган экспертизанын баштапкы жыйынтыгын чыгарып, анын өлүмүнүн себебин «чөгүп өлүү” деп тапты.

Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо